03.10.2018 10:16

«Дордой» базарында чыккан өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

«Дордой» базарында чыккан өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

«Дордой» базарында  2 кабаттуу 2 контейнердин ичиндеги товарлар толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

2018-жылдын 2-октябрь күнү саат 17:10до Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсү №24а дарегиндеги «Дордой» базарынын бут кийимдер сатылуучу катарында аянты 40 чарчы метр 2 кабаттуу 2 контейнердин ичиндеги товарлар толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №2 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 18:02де чектөөгө алынып, 18:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз, учурда такталууда.